*15-ноябрь - Эл аралык тамекини таштоо күнү. Бул күн Америкада 1977-жылы майрам катары белгиленген. Расмий маалыматтарга таянсак: Ар бир 10 секундда планетада чылымдын айынан бир адам көз жумат (2020-жылы бул көрсөткүч 3 секундуна бир адамдын каза болуусуна жетүүсү болжолдонот). Орусияда ар бир онунчу аял тамеки чегет.
*15-ноябрь, 1857-жылы: АКШнын 27-президенти Уильям Говард Тафт туулган. Президент болуп шайланганга чейин юридикалык тармакта иштеген. Ал АКШнын 26-президент Теодор Рузвельттин жакын досу болгон. Рузвельт өзүнүн президенттик мөөнөтү бүтөрдө Тафттын талапкерлигин өлкө башчылыгына сунуштап, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Тафт президент болуп шайланып, 1908-1909-жылдары өлкөнү башкарган.
*2003-жылы: Бул күнү Түркияда теракт болуп, 25 адам каза таап, 300 адам жаракат алган.
Жылнаама толугу менен бул жакта ...