Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавирустун омикрон штаммы тездик менен жайылып жатат. Окумуштуулар коронавирустун бул түрү канчалык кооптуу экенин жана ал азыркы вакциналарга канчалык туруштук бере аларын аныктоо үчүн эки апта зарыл экендигин айтышууда. Мындан улам айрым өлкөлөр чек арасын жапса, бир катар өлкөлөр вирустун бул штаммынын жайылуусун алдын алуу үчүн чектөөлөрдү киргизишүүдө.
Ами Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун омикрон штаммынын жайылуу ыктымалдыгы жогору экендигин айтып, азыркы вакциналарды тоготпой коюушу ыктымал экенин белгилеген.
Мындан улам Израиль өлкөсү чек араларын жапты, ал эми АКШ, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекеттер омикрон штаммы катталган өлкөлөр менен аба каттамдарына чектөөлөрдү киргизди.
29-ноябрга карата алынган маалыматтарга ылайык, коронавирустун омикрон штаммы Австралия, Бельгия, Ботсвана, Улуу Британия, Дания, Германия, Гонконг, Израил, Италия, Нидерланды, Франция, Түштүк Африка жана Канадада катталган.
Бул штамм алгач Ботсвана жана Түштүк Африка Республикасында катталган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы В.1.1.529 штаммын грек тамгасы менен "omicron" деп атагандыгы жазылган.
Ал эми 29-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинети COVID-19дун жаңы аныкталган омикрон штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөргөн. Анда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова республикадагы туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн республиканын калкынын арасында эмдөө иштерин тездетүү зарыл экенин айтып, бул штамм башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу өтө тез жайылуу жөндөмүнө ээ экендигин белгилеген.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы штаммдын пайда болушуна байланыштуу ресурстарды мобилизациялоо жана чараларды күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынарын билдирген. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине коронавирустун жаңы штаммынын республиканын аймагындагы жайылышын алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшыргандыгы кабарланган.
Коронавирустун жаңы штаммы омикрон тууралуу алгач Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее биринчи болуп маалымдаган. Көп өтпөй ал бул илдеттин алгачкы белгилери тууралуу айтып берген. Анын айтымында, оорунун алгачкы белгилери кадимки коронавирустан айырмаланып, кыйла жеңил сезилет.
Ал эми АКШнын Аллергиялык жана жугуштуу оорулар институтунун башчысы Энтони Фаучи омикрон штаммынан сактануу үчүн коронавируска каршы вакцинанын күчөтүүчү дозасын алуу керектигин айткан.
Бул кабарларга улай эле америкалык Johnson & Johnson фармацевтикалык компаниясы коронавирустун омикрон жаңы штаммына каршы вакцина иштеп чыгууну баштаганы кабарланган.
Бүгүн, 30-ноябрда Казакстан омикрон штаммынын өлкөгө кирүүсүн алдын алуу максатында бир катар чектөөлөрдү кабыл алгандыгы жазылган.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен коронавирустун бул штаммына байланыштуу карантин чаралары киргизилеби деген суроого жооп беришкен. "Коронавирустун дагы бир түрү 32 мутацияны камтыйт. Профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өлкөгө кирүү алгоритмине өзгөртүү киргизүү каралып жатат. Азырынча башка чектөө чаралары каралбайт. Санитардык нормаларды сактап, илдетке каршы эмдөө алыңыздар", - деп айтылган министрликтин маалыматында.