Садыр Жапаров: "Эгер БШК бийлик тараптан басым болду десе, токтоосуз отставкага кетүүгө даярмын"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Президент Садыр Жапаров "Арыба.кг" сайтына маек берип, БШКдагы ызы-чуу боюнча айтып берген.

- Шайлоо сиздин оюңуз боюнча кандай өттү? Мыйзам бузуулар болгон жокпу? "Добушубузду уурдап алдыңар" деп ызы-чуу салган партиялар чыкты. Чындап эле добуштар уурдалдыбы?

- Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте, көпчүлүктүн баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШОС (ред.: Шанхай кызматташтык уюму), Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочу катышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти.

"Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү" деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү дагы жакшы баа беришти. Анын баарын өзүңөр деле ММКлардан көрдүңөр да. Баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо, жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. "Мына Кыргыз мамлекетинде ушундай болду, добуштар уурдалды", - деп.

Ал эми "добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат" деген саясатчылардын билдирүүлөрү абсурд. Республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 000 кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман.

Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 000 мүчөсү "бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип шайлоодо добуш уурдадык" деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып жаткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду. Бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берди. Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек. Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты "мына, ушинтип уурдайт добуштарды" дешип. Кимде-ким добуш уурдаган болсо аны Кудай өзү жазаласын.

Бирок азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың. Добуштарды уурдоо тээ 1990-2000-жылдары болчу. Ал убакта бюллетендер кол менен саналчу. Бир талапкердикин экинчи талапкерге оодарып койсоң болот эле. Азыр сервер дароо чыгарып берип коёт.

Бул алдын ала жыйынтык. Андан кийин бир жуманын ичинде кол менен санап чыгасың. Мына ошол мыйзамдуу жана так жыйынтык. Сервердин берген жыйынтык менен кол менен санагандан кийин ортосунда анча-мынча эле айырма болот. Анткени урна эсептегенде квадраттан чыгып кеткен "птичканы" жараксыз катары санап койгон учурлар болот. Ошол үчүн жергиликтүү комиссия өкүлдөрү "квадраттан чыгарбай койгула" деп эскертип турушат эмеспи. Кол менен санап жатканда андай бюллетень жарактуу болуп саналат. Ошондуктан ошол бюллетендер кошулса ошол партия же талапкердин добушу көбөйөт. Азайбайт.

Ал эми "серверге кирип жасайт, добуш уурдайт" деген бул түшкө кирбеген нерсе. Урна менен сервердин аянтына кире албайсың. Сервер БШКга санактын сандарын гана чыгарып берип турат. БШК болгону аны өзүнүн сайтына жарыялап турат. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу салып коюп ката кетирип алышкан. Бирок тез эле сервер чыгарып берип жаткан сандарга кайра коюлган.

Бул маселе боюнча мен дароо баарын чогултуп, такташтык. Адистер "эч арам оюбуз жок эле, ката кетирип алдык" дешти. Чындыгында эле ошондой болуп чыкты. Ошентсе да УКМК териштирүү кылып суракка алышты. Балким, атайылап сүйлөшүп алышып оппозицонерлер үчүн шылтоо жасап берип жатышкан жокпу деген ой менен. Андай нерсе азырынча байкалбайт. Шайлоо бүтүп, жыйынтыгы чыксын, анан дагы териштиребиз. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
SHaidulda
2021-12-04 00:56:09
Шайлого кандай отту билбейм го бирок буга чейинкилер да айтышчу шайлоо жакшы отту АКШ чет олколордон калыстар байкоочулар коруп таза шайлоо кылдынар деди деп
-3
BakytbekAbdubakhapov
2021-12-04 10:23:02
Менин колумдан келбейт экен деп жон эле кетип калчы
+10
Antiradikal10
2021-12-04 10:35:28
Эл аралык байкоочулар былтыры да шайлоо таза отту деген, дакансалар..... Айтаарга созунор жок, эл аралык байкоочулар андай деди, мындай деди деп попугай болдунар го......
+12
Antiradikal10
2021-12-04 10:40:46
Жапаровунар апенди боло баштады го.....

Жапаров, Ташиев жана БШК ортодо шайлоо жыйынтыгын озгортушсо, б.а. кылмыштын соучастникиери болсо, анан кантип БШК Жапаровду куноолой алат? Кана логика?!
+10
Ela93
2021-12-04 10:43:56
Супер.кж antiradikal3, antiradikal10го чара корбойсуздорбу? Качан болбосун жугундукор,даканса деп баарынын намысына тиет. Эреженер менен таанышып, макул болуп ктталганго!
-2
Antiradikal10
2021-12-04 10:51:20
Анда сага окшогон дакансалар, троллдор баары кетиши керек болот. Медер Кулетов деген дакансанар да кошулуп.
+7
Nurik1988
2021-12-04 10:52:57
Antiradikal10,Силерге озу Ким жагат кысчу жеринерди кысып уйундогу тамагынды кылчы саяасатка аралашпай
-6
Antiradikal10
2021-12-04 11:30:56
Nurik1988, тупой!!! Мага ким жакааны менен сенин кандай ишин бар? Дура блядь конченная
+1
Antiradikal10
2021-12-04 10:52:24
Даже таза шайлоо откоруу колунан келбесе, унчукпай эле озу билип отставкага кетип калбайбы Садыр Жапаровунар........
+7
Nurik1988
2021-12-04 10:56:49
Antiradikal10,Мейли кетсин Ким болот кайра президент?
-2
Antiradikal10
2021-12-04 11:31:41
Nurik1988, мен болом. Эч ким калбаса.... Буттубу суроон?
+1
Nurik1988
2021-12-04 14:11:03
Antiradikal10,озунду эптеп алчы тупой
-3
Ela93
2021-12-04 11:07:08
Antiradikal10,сен деги кимдин тарбиясын алгансын? Ушунчалык короалбас болосунбу? Отставкасын кааласан Кудайдан сура, жаман ой,иши болсо тынчтык жолу менен тапшырып берсин деп
-9
Antiradikal10
2021-12-04 11:34:27
Ela93, ошону сен жеткирип бар шефине...

Шефин жакшы адам болсо шайлоо жыйынтынын бурмалайт беле?

Мен керек болсо бир, эки деп тизмелеп берип жатамын шайлоо ыплас отконун... Мисалы соттуулугу жоюла электер депутат болуп жатат. Ташиев партиясын шайлоого катыштырып жатат. Шайлоодон четтетилген Мамытов кайра депутат болуп жатат. Протоколдор кайра кочурулуп жазылып жатат. Айтор шайлоо ыплас отконунун далилдери толтура.
+6
ErkinOkenovich
2021-12-04 12:06:43
Ela93,Кудай алдына бара албайт, анткени бул тенирчи
-7
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-04 15:09:57
Жакшы көрүп калыптыр БШКанын башчысын ээми ал айтмак беле басым болду деп айтканын лаппай деп ататда
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан