Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгынын чечимдери боюнча 2 талапкер БШКны сотко берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов айтты.
Бекматов талапкерлердин ысымын атаган жок.
"Бишкек административдик соту БШКнын чечимин карап, өз чечимин чыгарат. Эгер депутаттар административдик соттун чечимине макул болбосо, Жогорку Сотко кайрыла алышат", - деди ал.