Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда "баарына каршы" добушу эң көп топтолду. Мындай аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.
SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо жараксыз деп табылса, мурдагы талапкерлер кайра шайлоого катыша албай кала турганын билдирди.
"Борбордук шайлоо комиссиясы 1 айдын ичинде кайра шайлоону дайындайт. Кайра шайлоодо мөөнөттөр кыскартылып өткөрүлөт. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 3 айдын ичинде өтсө, эки айдын ичинде шайлоо өтөт. Мыйзамда шайлоо өтпөй калды деген норма бар. БШК расмий жыйынтык чыгара элек да. Шайлоо өтпөй калдыбы же жараксыз деп табылдыбы ошол округдук комиссиянын чечимине ылайык болот. Эгерде шайлоо жараксыз деп табылса, мурдагы талапкерлер кайра шайлоого катыша албай калат", - дейт Абдыжапар Бекматов.