Аба ырайы, 20-ноябрь: Кыргызстандын аймагында кар жаашы күтүлөт

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, кечке маал карга айланышы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -7°C  

Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -7°C  

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -5°C  

Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C  

Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -4°C  

Нарын облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -10°C  Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -5°C  

Борбор калаада 2010-жылы дал ушул күнү абанын температурасы күндүз +6°C болсо, түнкүсүн -1°C болгон. 

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asus84
2013-11-20 10:04:35
кыш келди кыш келди
0
Marks
2013-11-20 11:55:44
Бизде Кара кулжада соонун каар жаап жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан