ЖЫЛНААМА, 2-февраль: Кыргыз өлкөсүнөн чыккан советтик аскер башчы Михаил Фрунзе туулган

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан советтик аскер башчы Михаил Васильевич Фрунзе Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө 1885-жылы 2-февралда туулган. 1896-жылы Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган.

1904-жылы Петербургдагы политехникалык институтун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана деңиз министри болуп дайындалган.

Михаил Фрунзе 1925-жылы 31-октябрда 40 жашында операция учурунда каза болгон. Анын атын Бишкек шаары 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.

2-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан