Жылнаама. 22-ноябрь: 1916-жылы Жазуучу Жек Лондон көз жумган

*1916-жылы (97 жыл мурун) Жон Гриффит Жек Лондон - жазуучу, журналист жана коомдук активист көз жумган. 
Американын прогрессивдүү жазуучусу Жек Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жазуучунун балалык чагы учтан-түпкө кысымчылыкта жана жакырчылыкта, кыскасын айтканда, кыйынчылык шартта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти аркалаган. Ал туулган үй 1906-жылкы Сан-Франсиско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон.
Жек Лондон жер кыдырып, эптеп жан багып жүргөн кезинде эле социалисттик адабият менен, көбүнчө Карл Маркстын эмгектери менен таанышкан. Кийин аларга кызыгуусу көбөйүп, улам терең үйрөнө берет. Натыйжада ал жумушчулардын революциялык кыймылдарына ыктап, Американын социалисттик жумушчулар партиясына мүчө болуп кирет. Жогорку идеялуу чыгармаларды автор дал ушул мезгилдерде жазган.
 1905-1910-жылдар — Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Бул жылдары Лондон АКШнын жумушчулар кыймылынын, 1905-1907-жылдардагы орус революциясынын жана М. Горькийдин чыгармачылыгынын таасири астында өзүнүн көлөм жана идея жагынан зор чыгармаларын — «Темир бут», «Мартин Иден», «Ак азуу», «Таптардын күрөшү», «Революция» жана башкаларды жазган. Бул чыгармаларда жазуучу негизинен капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазат. Жек Лондонго чейин Американын адабиятында бул сыяктуу революцияга жана пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес.
*1963-жылы(50 жыл мурун) Американын 35-президенти Жон Кеннеди киши колдуу болуп каза болгон. АКШда афроамерикалыктардын укугун теңдөөгө чоң салым кошкон 35-президент Жон Кеннеди киши колдуу болуп каза болгон.
*1960-жылы (53 жыл мурун) СССРде аз май коротуучу Запорожец үлгүсүндөгү унаалар чыга баштаган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан