15-февралда республиканын айрым аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт

15-февралда күндүз өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда -2... -7
Талас өрөөнүндө -2...-7
Ош облусунда -3...+2
Жалал-Абад облусунда -3...+2
Баткен облустарында -3...+2
Ысык-Көл облусунда 0...-5,
Нарын облусунда -1...-6 градус суук болушу күтүлөт.
Борбор калаабыз Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, -2...-4 градус суук болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан