Күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган "Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan" эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан үч балбан кыз катышат. Алар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.
Турнир 23-28-февраль күндөрү өтөт. Бул турнир рейтингдик болуп саналат.