Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен бир суткада 119у айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бишкек шаары – 65;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 15;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 9.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 337 адам илдеттен жабыркаса, жалпы айыккандардын саны 194 миң 218 болду.
Ал эми бүгүн, 21-февралга карата ооруканада 235 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 1366 бейтап бар.