Жылнаама. 23-ноябрь: 1899-жылы СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскулов туулган

* 1899-жылы (114 жыл мурун) СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов туулган.
Ал Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулуп, 1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан.
Актёрдун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт. Ал бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун, "Король Лиринен" король Лирдин, М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкаларындагы" Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин "Атанын тагдырынан" Акылбектин) образдарын жараткан. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде Муратбек Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган. 
1967-жылы Муратбек Рыскуловго "Король Лир" спектаклинде Лирдин жана "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген. Таланттуу актёрдун чыгармачыл эмгегин жогору баалап, өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени, башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу "Муке" аттуу фильм да тартылган. Ысымы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын областтык музыкалуу драма театрына берилген.
*1936-жылы (77 жыл мурун) америкалык "Лайф" журналынын биринчи номуру чыккан. “Лайф” журналы толугу менен сүрөттүү болуп, алгач жума сайын чыгып турган. 1972-жылы кандайдыр бир себептерден улам жабылып, 1978-жылдан баштап ай сайын чыга баштаган. Бирок 2000-жылы "Лайф" журналы ишмердүүлүгүн кайрадан токтоткон. Анын жабылуусунун себебин телевидениенин өнүгүшү менен байланыштуу дешет адистер.
*1965-жылы (48 жыл мурун) ырчы Гүлзат Байзакова төрөлгөн. Мукам үндүү ырчы айым "Кыйылып турам", "Дил кайрык" ж.б. жагымдуу ырлары менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алган. Ажарлуу, белгилүү ырчы айымдардан түзүлгөн "Достор" тобунун мүчөсү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан