Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу: Улуттук курама команда чемпион аталды

Бишкек шаарында өткөн хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунда Улуттук курама Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, экинчи орунду Иран ээлесе, үчүнчү орунга Сингапур жайгашты.
Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама үчүнчү дивизионго катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Белгилей кетсек, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү.

Турнирге Кыргыз өлкөсү, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.

Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпиондук болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан