ЖЫЛНААМА, 11-апрель: Паркинсон оорусу менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

11-апрель - Паркинсон оорусу (калтыратма шал) менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү.

"Паркинсон" бул борбордук нерв системасына байланышкан мээ оорусу. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз, бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Тукум куучу оорулардын дагы катарына кирет. Жугуштуу эмес. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар бул ооруга кабылат.

Мындан 2 жүз жыл мурун Англияда ушул дарттан азап чеккен Жеймс Паркинсон деген адам жашап өткөн. Оорулуу экенине карабай, ооругандагы абалын ийне-жибине чейин кагаз бетине түшүрө берип, кийин "Калтыратма шал оорусу тууралуу эсселер" деген эмгек жаралган. Ошентип ооруга анын аты коюлуп калган. Бул дартка чалдыккан белгилүү адамдар жөнүндө кеп кыла турган болсок, бокс боюнча Дүйнө чемпиону, уламышка айланган Мухаммед Али "Паркинсондун" оор түрү менен ооруган. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Ага дарыгерлер 1984-жылы эле ушул диагнозду коюшкан. Мухаммед Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон.

Атактуу сюрреалист Сальвадор Дали 76 жашында "Паркинсонго" чалдыкканын уккан. Бир жылдан соң каза тапкан. Айрым маалыматтар боюнча, Адольф Гитлер да "Паркинсондон" жапа чеккен. Американын актёру Майкл Джей Фокс да бул оору менен ооруган. Бирок ал дартын көпкө жашырып, акыры актёрдукту таштоого мажбур болгон. Кыргыздын залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековду да өмүрүнүн акыркы жылдарында бул оору коштогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан