Прокуратура: Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө кызмат адамдары 720 миң сомдук зыян келтиришкен

Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө кызмат адамдары 720 миң сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун дирекциясынан "Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштардын көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкендиги аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан