Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва 1949-жылы Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуу болуп, өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, бүтүрүүчү катары 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул Алланын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.
Мындан соң анын музыкага болгон сезими ойгонуп, Михаил Ипполитов-Иванов атындагы Москва мамлекеттик окуу жайын дирижёр-хордук факультетинен билим алган. Көптөгөн майда концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецител" тобу түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында Алланын карааны алыстан көрүнө баштаган. Бул топ түзүлгөнгө чейин эле анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың катмарга сиңип, бул ырсыз кечелердин көркү болбой калган.