ЖЫЛНААМА, 18-АПРЕЛЬ: Мындан 104 жыл мурун улуу манасчы Жусуп Мамай туулган

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын азыркы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий жергесиндеги Кара-Булак айылында мындан 104 жыл мурун, тагыраагы, 1918-жылы 18-апрелде (4-майда деген да маалымат бар) туулган.

Анын атасы Мамай бардар, оокаттуу адамдардын бири болгон. Манасчы жаштайынан эле зирек, зээндүү болуп чоңойгондуктан атасы аны 6 жашында айылдагы молдонун колуна берет. Жусуп бат эле кат таанып, китеп окууга жетишкен. Агасы Балбай ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын арасында "Манас" эпосун жыйноо иштери менен алектенген. Жусуп Мамай эпосту агасынын топтогон материалдары боюнча үйрөнгөн.

Башка манасчылардай эле манас айтып калышына көргөн аян түшү себеп болгон. Манасчынын айтымында, алгачкы ирет ал 10 жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө ал жайдак буурул ат минип келип, "Эй, бала, жакшы билип ал, тээтиги эң алдында тургандар Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар Алмамбет, Чубак, Сыргак. Мен Ырчы уул болом" дейт. Баатырлар Жусупка аян бергенин билгенден кийин атасы Мамай уулуна "Манас деген тирүү олуя. Кырк жаштан өтмөйүнчө манас айтпа" деген акыл-насаатын айтат. Атасынын сөзүнөн чыкпай, манасты эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.

16 жашка келгенде атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин кайсы бир чогулушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен улап айтып кирет. Ошондон кийин калайыкка манасчы катары таанылат.

1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталгандыктан 1978-жылга чейин Жусуп Мамай саясий куугунтукка туш болот. Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдар учурунда агасы Балбай айтып берген "Манастын урпактары тууралуу баянды" Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.

Кыргыз өлкөсүнө биринчи ирет 1992-жылы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына келген. 2014-жылдын 30-майында манасчыга Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Бирок сыйлыкты алууга жетишкен эмес.

2014-жылдын 1-июнунда таңга маал Жусуп Мамай туулуп-өскөн айылынын ооруканасында кайтыш болгон. Сөөгү 2014-жылдын 2-июнунда Ак-Чийде жерге берилген.

18-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан