26-апрель - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк күнү.
Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы ассамблеясынын 1999-жылдын октябрында өткөн жыйынында 26-апрелди Интеллектуалдык менчик күнү деп белгилөө чечими кабыл алынган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик күнүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №16 токтомуна ылайык, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө маани берүү интеллектуалдык менчикке, чыгармачыл адамдардын сиңирген эмгегин таануу жана чыгармачылык менен ойлоп чыгаруучулукту стимулдаштыруу максатында Кыргыз өкмөтү "26-апрель Кыргыз Республикасынын жыл сайын майрамдалуучу Интеллектуалдык менчик күнү болуп белгиленсин" деп токтом кылган.