Бүгүн, 7-июнь финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү.
Кыргызстанда финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн белгилөө чечими 2003-жылдын 16-апрелинде өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Финансы жана экономика кызматкерлеринин өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымын баса белгилөө максатында бул дата 2003-жылга чейин эки ирет бекитилген. 1998-жылы финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү 10-декабрь деп белгиленсе, 2001-жылы ноябрдын акыркы жекшембиси финансы-экономика кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.