Кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы Германиянын Нюренберг шаарындагы ооруканаларынын биринде пневмония оорусунан дүйнө салган.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Чыңгыз Айтматовдун китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. 2008-жыл - Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган.