Тиктокер Нурлан менен Юлия: "Эң негизгиси - сүйүү жана бири-бирин урматтоо"

Нурлан менен Юлия (@nuro_bro_kg) боорукерликти, ак пейилдикти жана тамашаны чагылдырган биргелешкен видеолору менен кыргыз тик тогунда белгилүү болду. Алар кантип таанышып, кантип кыска убакыттын ичинде он миңдеген күйөрмандарды чогултканын билүү үчүн Нурлан менен баарлаштык.

Алгач кантип таанышканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Бул абдан кызыктуу окуя. Мен кокусунан Юлиянын социалдык тармактардагы профилине кирип калып, ага кат жаздым. Биз жаңы эле сүйлөшүп баштаганда мен анын Орусияга кеткенин жана мекенине кайтууга ниети жок экенин билдим. Бирок бир ай сүйлөшкөндөн кийин экөөбүз чогуу болушубуз керек экенин түшүнүп, көп өтпөй аны менен Бишкекте жолугуштук.

Көптөр бизди үйлөнгөн деп ойлошот, бирок андай эмес. Биз азырынча баш кошууну пландап гана жатабыз.

- Видео тартуу идеясы кимден чыкты?

- Бул менин идеям. Юлия башында тик-ток менен алектенүүнү каалаган эмес. Бирок видеолорубуз тартылып популярдуу боло баштагандан кийин ал дагы кызыга баштады. Албетте, Юлия болбосо биздин видеолор мындай популярдуу болмок эмес.

- Сиз кыска убакыттын ичинде популярдуу болууга жетиштиңиз. Айрым видеолоруңуз миллиондон ашык көрүлгөн.

- Ооба, мен SMM менен профессионалдуу түрдө алектенем жана иштин айрым майда-чүйдөсүнө чейин билем. Балким, биздин видеолор көпчүлүккө кызыктуу болгон.

Анын үстүнө эки улуттун өкүлдөрүнүн жеңил тамашалары ого бетер кызыктуу болсо, адамдар дагы ага кызыгат. Эгер адам мүмкүнчүлүктү колдонууну билсе, алдыда чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

- Ортоңуздарда эки улуттун маданий көз карашынан улам келишпестик келип чыкпайбы?

- Албетте, кыйынчылыктар жаралат. Бирок биз алар менен ар кандай компромисстердин жардамы менен күрөшөбүз. Анткени мамиледе эң негизгиси жалпы максаттар, каалоолор жана сүйүү.

Биз баарыбыз адамбыз жана баарыбыздын өзгөчөлүгүбүз бар. Өзгөчө белгилей кетүү керек, биздин маданияттарыбызда да жалпылыктар көп. Бирок, албетте, эң негизгиси сүйүү жана бири-бирин урматтоо.

- Келечекке кандай пландарыңыз бар?

- Сентябрь айында баш кошолу деп жатабыз. Той кыргыз менен орустун каада-салтын айкалыштырып өтөт деген ойдобуз.

Албетте, эки улуттун салтында, тамак-ашында өзгөчөлүктөр болот. Ошого карабастан, биз баарын ойлонуштурабыз.

Видео
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан