ЖЫЛНААМА, 20-ИЮНЬ: Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү

20-июнь - Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 2000-жылдын 4-декабрында 5576 резолюциясын бир добуштан кабыл алып, 2001-жылы 20-июндан тарта Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү белгилене баштаган.
БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин 2013-жылга карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 437 качкын бар. Андан сырткары 271 адам башпаанек сураган. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашык качкын болсо, анын 55 пайызы Ооганстан, Сирия, Судан, Сомали жана Ирактан чыккан. Ар бир төрт качкындын бирөө Ооганстандан болот. Алар биринчи кезекте Пакистан менен Иранга качып барат. Кыргызстан да бул качкындарды кабыл алгандыктан, биздеги качкындардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан. Калгандары Сирия, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөр.
20-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан