Өлкөдөн 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу мамлекетик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-Автожол” көзөмөл өткөрүү жайына Кыргыз жарандары 1991-жылы туулган Т.У. жана 1992-жылы туулган С.Н. аттуу жарандардын башкаруусундагы 2 жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасы келип токтогон. Айдоочулар чек арачыга коштоочу документтерди көрсөтүшкөн. Анда унаада ун азыктары (китлап) болгондугу аныкталган.
Чек арачылар унааларды текшерүү учурунда ун азыктары салынган кутулардын артына катылган (китлап) 11 тонна кумшекерди таап чыгышкан. Айдоочулар жасалма документтер менен Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан.