
Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан бир нече жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июль күнү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков айылындагы көзөмөл өткөрүү жайынан Т.С.у. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Жигули ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ал өлкөдөн Тажикстанга 500 литр дизель майын өткөрүүгө аракет кылган.
Бир сааттан кийин Арка-Борбордук унаа жолунун тилкесинде жайгашкан Салават май куюучу жайынан чек арачылар тажик мамлекеттик номуру тагылган Жигули Ваз-2106 үлгүсүндөгү унааны табышкан. Унаанын ичинен 300 килограммдан ашык дарбыз жана коон табылган.
Кийинчерээк жолдун ушул эле бөлүгүнөн Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаа кармалган, анын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кыргызстандан 400 килограммдан ашык алманы андан ары сатуу үчүн Тажикстанга алып кетүүгө аракет кылган.
Бардык учурда тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.