Лейлекте милициянын үйүнөн үч чет элдик жаран кармалды

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу өлкөнүн үч жараны табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин жетекчилеринин бири У.Ж.Н.нын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө үч чет элдик жаран кармалган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон.

"У.Ж.Н. алардын чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билип туруп, аларга өлкө аймагында жашоого жана иштөөгө шарт түзүп берген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан