Актёр Чыңгыз Мамаевдин соту соттун имаратында свет жок болгондуктан жылдырылды

Зордуктоого шектелип СИЗО-1ге камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум 21-июлга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актёрдун бир тууган агасы Бактыбек Мамаев билдирди.

"Сот отуруму дагы жылдырылды. Ага соттун имаратында электр жарыгы жок болгондугун жүйө келтиришти", - деди ал.

Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан