ЖЫЛНААМА, 22-июль: Белгилүү журналист Улан Эгизбаев каза болгон

2018-жылы 22-июлда "Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаев каза болгон.

Ал жубайы менен "Акун" пансионатында эс алып жаткан. Окуя болгон күнү Бишкек шаарына жөнөшмөк. Жолго чыкканга чейин көлгө түшүп келейин деген бойдон саат 14:00 чамасында Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен.

Улан Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. 2013-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган. 2015-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган. 2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон. "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген. Каза болордон бир нече күн мурун Улан Эгизбаев социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай эскертүү, коркутуу же ууландырылган болушу ыктымал деген комментарийлер жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан