Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Учурда издөө иштерин улантууга ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан бир офицер, Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы бөлүктөн 7 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан 3, Ысык-Көл райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, кошумча министрликке караштуу Суучулдар кызматынан 7 суучул, жалпы 30 куткаруучу тартылып издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган
Н.А. аттуу
кыз көлгө чөгүп кеткен.
Изделип жаткан 4 жаштагы кыздын атасына байланышканыбызда, издөө иштерине дрон жана ыктыярчылар тобу тез арада керек болуп жаткандыгын билдирген.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.