Чоң Чүй каналында 21-июлдан бери изделип жаткан 16 жашар өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 06:10 чамасында Шамшы айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар табышкан.
"Табылган өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар ИИБнин адистерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.