ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: Гепатит менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

Гепатит менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата Нобель сыйлыгынын лауреаты, гепатит B вирусун ачкан америкалык дарыгер Барух Самюэль Блумбергдин туулган күнүнө байланыштуу тандалып алынган.

Сарык оорусу менен күрөшүү күнү алгачкы жолу 2008-жылы гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык альянстын демилгеси менен белгиленген. Ал эми 2011-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ага расмий статус ыйгарган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул күнү дарыгерлерди элдерге вирустук гепатит, ал чакырган оорулар жөнүндө маалымат берүүгө чакырат.

Маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүнүн ар бир үчүнчү жашоочусу гепатит дартын жуктуруп алган. Гепатит - боордун тканынын сезгенүүсү. Е гепатити кош бойлуу аялдардын 20 пайызынын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ал эми анын өтүшүп кетүүсү цирроз жана рак илдеттерине алып келет.

Адистердин айтымында, бул дарттан сактануунун эки жолу бар. Биринчиден, кан куюп жатканда, жыныстык катнаш учурунда гигиенаны сактап, А жана Е вирустарын жуктуруп алуудан качса болот. Мындан сырткары эмдөө жасатуу А жана В вирустарынан сактайт.

28-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан