ЖЫЛНААМА, 15-август: Кыргыз драматургу Токтоболот Абдумомунов туулган

1922-жылы 15-августта драматург Токтоболот Абдумомунов Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон. 1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген. 1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот. Студент кезинде эле Абдумомунов театрга барып, сахна өнөрүнө болгон сүйүүсүн арттырат.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталат. Т.Абдумомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган. Т.Абдумомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан болгон. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл). Улуу драматург 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.

15-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан