ЖЫЛНААМА, 15-август: Кыргыздын тунгуч жазуучу айымы Зуура Сооронбаева төрөлгөн

1924-жылы 15-августта Кыргызстандын тунгуч жазуучу айымы, эл акыны, кыргыз адабиятындагы көптөгөн китептердин автору Зуура Сооронбаева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жолколот айылында төрөлгөн.

1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун "Ысык-Көл правдасы" газетинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1959-1974-жылдары район аралык "Коммунисттик эмгек" гезитинде кабарчы,1974-1979-жылдары кайрадан "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы "Менин айылым" деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Ал бир нече прозалык чыгармаларды жаратып, алардын арасынан 1971-жылы жарык көргөн "Астра гүлү" повести орус тилинде 1979-жылы "Осенние цветы" деген ат менен басылып чыккан.

Сооронбаева драматургия жанрында да бир нече пьесаларды жазган. Мисалы, "Эркек колукту", "Сынган мазар", "Байлык жана махабат", "Өрттүү таң". Анын "Сынган мазар" пьесасы казак тилине которулуп, "Илдет" деген ат менен Абай атындагы Жамбул театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору. "Чоочун киши" романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.

15-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан