ЖЫЛНААМА, 18-август: Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү

Бүгүн, 18-август - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн авиация күнү.

Республиканын аскер авиациясы 1941-жылы негизделген. Ошол жылы Одессадагы авиация мектебинин учкучтарын Фрунзе шаарына эвакуациялоо чечими кабыл алынган, февраль айында согуштук окууну башташкан.

1945-жылы август айында учкучтардын мектеби Кызыл армиянын авиациясынын учкуч-штурмалоочулардын Одессалык аскер окуу жайы болуп кайрадан түзүлүп, 1947-жылдын май айына чейин Абадан коргонуу күчтөрү үчүн кадрларды даярдаган. 1947-жылдын июнь айынан баштап аскер окуу жайы СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик авиациялык окуу жайы болуп аталып калган. Кийинчерээк ал авиациялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча 5-борбордук курс болуп кайра түзүлгөн.

1959-жылдын 18-августунда Кыргызстандын аймагында 23 565 аскер бөлүктүн базасында авиациялык окуу полку түзүлгөн. 1957-жылдан 1992-жылга чейин бул курстардан 54 өлкөдөн 110 авиациялык адистиктер боюнча 21 682 адам даярдалган, анын ичинен 5698 учкуч, 749 штурмалоочу, 469 согуштук башкаруучу офицерлер, 165 аткыч-радисттер, 8998 авиатехниктер жана 500дөн ашык башка адистиктер боюнча даярдалган. 1992-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бардык аскер бөлүктөрү анын ичинде учуу боюнча да Кыргыз Республикасынын Юрисдикциясына алынган.

18-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан