SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы Элиана Жамгырчиева.
БИРӨӨЛӨРГӨ БИРӨӨМҮН
Бирөөлөрдөн көңүл сынып ыйласам,
Бирөөлөрдүн күлкүсүнө себепмин.
Ким бирөөнүн калыбына сыйбасам,
А бирөөгө дары сындуу керекмин.
Ким бирөөнү эстеп дайым күтүнсөм,
Ким бирөөнү эстен танып унутам.
Ким бирөөнүн ысыгына үшүсөм,
Ким бирөөнүн муз дүйнөсүн жылытам.
Ким бирөөгө тереңмин же тайызмын,
Ким бирөөгө бөксөмүн же тегизмин.
Ким бирөөгө чалчык болсом кирдеген,
Бирөө үчүн чалкып жаткан деңизмин.
Өздүгүмдө жалгыз эле бирөөмүн....
КАЙРАДАН ЖАРАЛАЙЫНЧЫ
Апакай жылуу колуңдун,
Табына жылынайынчы.
Алдыңда жатып ыңаалап апа,
Алдейле ыр угайынчы.
Эртеңим билбейм эмине,
Э болду ойлобоюнчу.
Адамдар мени ыйлатса апа,
Алдейле соороноюнчу.
Өмүрдө болуп өткөнгө,
Өкүнүп карабайынчы.
Катамды оңдоп алышка апоу,
Кайра бир жаралайынчы.
Мамыктай жумшак койнуңда,
Мээримге бөлөнөйүнчү.
Мезгилди артка кайрычы апоу,
Мен кайра төрөлөйүнчү.
Катамды оңдоп алышка апоу,
Кайра бир төрөлөйүнчү.
КУСАЛЫГЫМ КҮЗДӨГҮ
Эсиңдеби, саргыч тарткан күз деми,
Эң акыркы жолугушуу биздеги.
Эски бактын жанындагы тактайда,
Эртең дагы, эки он беште күт мени...
Деген жазуу дале турат издери,
Жазыла элек канча ыр калды ичтеги.
Саптарында айтылбаган сезимим,
Сагынычым кусалыгым күздөгү....
Сейилдебей калган сүйүү бактары,
Сени, мени унуткандай баштагы.
А мен келип өткөндөрдү эстесем,
А сен күтүп жолугууга башканы....
Тааныш үйлөр, тааныш жолдор көчөлөр,
Далай ирет мени ал күнгө жетелээр....
Мен бул күздө бакытымды таппадым,
А сен күздө өз бактыңа жете көр.
Мен бул күздө бакытымды таппадым,
А сен күздө өз бактыңа жете көр.
КОШ БОЛ ЭМИ ДЕБЕҢИЗ Э
Кош бол эми дебеңиз э бир күнү,
Ошол күнү кыйылам жаш кайыңдай.
Бир өмүрдү жашап, балким, сүйүүсүз,
Бирок кантип жашайм сизди сагынбай...
Унут мени дебеңиз э бир күнү,
Ошол күнү унутулуу оор болоор.
Мүмкүн бир ай, бир жыл, балким, бир өмүр,
Мүмкүн эмес, жашоо сизди ойлобой.
Сүйбөй калдым дебеңиз э бир күнү,
Ошол күнү күлгө айланып өрттөнөм.
Борошолоп, боздоп ыйлап, төгүлөм,
Бирок сиз жок кантип жашоо өткөрөм?