Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде "Акыркы сабак" сериалынын башкы каарманы актриса Океана Урматбектин кыз узатуу тою өтүүдө. Актриса сериалдагы өнөктөшү, актёр Кутман Айылчиевге турмушка чыгууда.
Буга чейин 6-июлда "Акыркы сабак" сериалынын баш каармандары жакында баш кошорун маалымдашкан.
Эскерте кетсек, режиссёр Руслан Акундун "Акыркы сабак" сериалы 2021-жылы экранга чыгып, тез арада көрүүчүлөр арасында популярдуулукка ээ болгон.