"No name" командасы: "Жакында кайрадан сахнадан жолугушабыз"

SUPER.KG порталынын бул жолку коноктору "No name" командасынын оюнчулары болушту. Тойлорубуз көп болгондуктан чанда жолугабыз деген шайыр-шатман жигиттер эфирди шаңга бөлөштү. Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

"No name" деген ысым аты жок деген маанини билдирет. Аты жок деген сөздү эле командабызга коюп алганбыз. Эң алгач бул командага мен Мурат аркылуу келгем. Кийинки убактарда көп жолуга албай жүрөбүз, себеби той-топур көп болуп убактыбыз тар болуп жатат. Айта кетчү нерсе, ортоңордо үй-бүлөлүк катташ барбы дегендер бар, ачыгын айтсам үй-бүлөлүк катташыбыз деле жок", - дейт Кадыр Жарматов.
"Мен бул команда түптөлгөндө жок болчумун. Анткени мен "Универсал" деген командада ойночумун. Биз чемпион болуп, Жогорку Лигага өттүк. Анан ал жакта күчтүү командалар бар деп ойлонуп туруп дал ушул "No name" командасына кошулганбыз. Мен булардан 2 жаш кичүүмүн, мындайча айтканда шакирти болом", - дейт Икрам Акрамович.
"Акыркы учурларда чындап эле көп көрүнбөй кеттим. Анткени ооруп жүрдүм, ошол учурда дагы "эмне Кадыр менен урушуп кеттиңби?", "эмне Икрам менен уруштуңбу же "No name" командасынан чыгып кеттиңби" деген суроолорду көп уктум. Айта кетерим, эч нерсе болгон жок, бизде баары жакшы, болгону ден соолукка байланыштуу бир аз тыныгуулар болуп калды", - дейт Мурат Жалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан