Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры космонавт Салижан Шарипов Ош облусунун Өзгөн шаарында 1964-жылы туулган. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.
1990-жылдан космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык коллегалары менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системин толугу менен өздөштүрөт. 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.