5G Кыргызстандын айыл чарбасынын кыйла «акылдуу» жана кирешелүү болуусун камсыздайт

Жаӊы 5G технологиясынын алгачкы сыноолору 2022-жылдын 3-августунда О! Мобилдик операторунун түйүнүнүн базасында ишке ашырылды. Алдын ала ченѳѳлѳр 4G түйүнүнѳн алынган кѳрсѳткүчтѳрдѳн 10 эсе жогору кѳрсѳткүчкѳ, тагыраагы 1,5 Гбит/с чейин жетти.

Мунун баары «акылдуу шаарды» ѳнүктүрүүгѳ жана саламаттыкты сактоо, энергетика, ѳндүрүш тармактарында жана башка кѳптѳгѳн чѳйрѳлѳрдѳ амбициялуу пландарды түзүүгѳ жардам берет. Технологияны киргизүүдѳн эӊ кѳп пайданы Кыргызстандын жумушчу күчүнүн 40 пайыздан ашыгы эмгектенген, ал эми ИДПдагы үлүшү 20 пайызды түзгѳн ѳлкѳнүн айыл чарба тармагы ала алат.

  • Так дыйканчылык. 5G технологиясын колдонуу менен фермерлер талаанын шарттарына байкоо жүргүзүп, айыл чарба ѳсүмдүктѳрү сугарууга, пестициддерге же жер семирткичтерге муктаж болгон учурда тийиштүү билдирүүлѳрдү алып турушат. Бакчада сугаруу системасын смартфондогу баскыч аркылуу башкаруу мүмкүн.
  • Түшүмдүүлүк жана киреше. Ошондой эле 5G жардамы менен малды жана айыл чарба дрондорун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ, учкучсуз тракторлорду башкарууга болот. Натыйжада түшүмдүүлүк жогорулап, продукциянын сапаты жакшырат жана киреше кѳбѳйѳт.
  • Акылдуу күнѳсканалар. Күнѳсканаларды аралыктан башкаруу үчүн датчиктерди пайдаланууда жер семирткичтерди, химикаттарды жана сууну кыйла натыйжалуу сарптоо жолу аркылуу үнѳмдѳѳгѳ жетишсе болот. Жумушчулардын санын оптималдаштырып, адамдык факторду минималдаштыруу мүмкүн.
  • Акылдуу фермалар. Атайы датчиктер малдын ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Тоюттандыруу, саан жана мал башынын саламаттыгына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган тутумдары саандын кѳлѳмүн эки эсе кѳбѳйтүүгѳ жѳндѳмдүү.
  • Транспорттун мониторинги GPS жана датчиктердин жардамы менен жүргүзүлүп, күйүүчү майдын сарпталышын кыскартууга, ошондой эле каттамдарды оптималдаштырууга жана кызматкерлердин жүктѳмүн азайтууга мүмкүндүк берет. Технологиялардын жардамы менен транспорттун жүргѳн жерин, ал тургай ташылып бара жаткан чийки заттын салмагын дагы кѳзѳмѳлдѳѳгѳ болот.
  • Чийки затты башкаруу. Технология айыл чарба ѳнүмдѳрүн сактоонун оптималдуу эмес шарттарына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды азайта алат. Продукциянын абалына 5G жардамы менен мониторинг жүргүзүү реалдуу мезгил режиминде (температуралык режим, нымдуулук даражасы, кѳмүр кычкыл газынын камтылышы) камсыздалып, ѳз убагында чечим кабыл алууга жардам берет.
  • Ашыкча чыгымдарды кыскартуу. Байланыш менен интернеттин мобилдик технологиялары логистикага кандайча таасир эткенин жана керексиз сапарлардын санын кыскартканын азыртан эле кѳрүп жатабыз.

О! түйүнүндѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан