Бишкектеги “Манас” кинотеатрында 24-августта “Манастын уулу Семетей” тасмасынын бет ачары болуп өттү.
Тасманы сценарист, продюсер Өмүрзак Төлөбеков Эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тарткан. Көркөм тасма 25-августтан тарта кинотеатрларда көрөрмандарга тартууланат. Ал эми августтун соңунда Москвада коюлат. Төлөбеков ошондой эле башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.
Бюджети 1 миллион долларды түзгөн көркөм тасмага Эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык режиссёр Дархан Кожохан режиссёрлук кылган.