ЖЫЛНААМА, 26-АВГУСТ: "Үйдө жалгыз" фильми менен таанылган америкалык актёр Маколей Калкин туулган

“Үйдө жалгыз” фильминдеги ролу үчүн дүйнөдө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында 1980-жылы туулган. Ал 4 жашында эле жарнамалык роликтерге тартыла баштаган. 6 жашынан баштап фильм­дерге чакыруулар түшкөн.
Анын тартылган фильмдеринин эң эле популярдуусу “Үйдө жалгыз” фильми. Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин аб­дан көп тасмаларга тартылып, өзү­нө эле эмес, үй бүлө­сү­нө жетээрлик акча топтойт да, тасмага тар­тылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнө­сү­нө такыр кайтып келбөөнү ойлойт. Бирок, 2004-жылы 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” деген фильмге тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.
Маколей Калкин тартылган белгилүү тасмалар “Үйдө жалгыз” ("Один дома") (1990), "Менин кызым" ("Моя дочь") (1991), “Үйдө жалгыз 2: "Нью-Йоркто жоголгондор” ("Один дома 2: Потерянный в Нью-Йорке") (1992), "Жакшы уул" ("Хороший сын") (1993), "Бай Ричи" ("Богатенький Ричи") (1994) ж.б.
26-августка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан