SUPER.KG порталы элдин жакшылыктарында кызмат кылган ырчы айым Венера Назаралиеванын үйүндө конокто болду. Ырчы Ош шаарындагы ак өргөөсү менен тааныштырды.
"Бул үйдө жашаганыбызга 6 жылдын жүзү болуп калды. Кыялданып, самап жүрүп ушул үйгө жеткенбиз, эми болсо жер үйлүү болсок деп тиленип жатабыз. Эң негизгиси үйүбүз өзүбүзгө ылайыктуу, жашоого ыңгайлуу. Куттуу ак өргөөбүздөн коноктор үзлбөйт", - дейт ырчы айым.
Ырчы айым бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө кызыгарын белгиледи.