Бүгүн, 26-августта ырчы жана актриса Сайра Момунбаева 58 жашка толду.
Сайра Момунбаева 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, окуусун аяктаган соң Нарын музыкалык драма театрында иштеп калган. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окуп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрлук бөлүмүн бүтүргөн.
Сайра Момунбаева "Боз салкын", "Сүйүү, демек, азап тартуу", "Табылга", "Сагынбай манасчы" жана башка бир катар тасмаларга тартылган.
"Сагымбай манасчы" тасмасына тартылуу учурунан алынган кадрлар.
26-августтун жылнаамасы.