Бишкекте инновациялык бүктөлмө жаңы Samsung Galaxy Fold & Flip 4 смартфону сыноодон өттү

Бишкекте жаңы, инновациялык бүктөлмө Samsung Galaxy Fold & Flip 4 телефондорун расмий сунуштоо иш-чарасы болуп өттү. Ага бишкектик журналисттер катышып, сыноодон өткөрүштү.

Анда Samsung Electronics'тин өнөктөштөрү, сатуу жана тейлөө тармактарынын жетекчилери, IT уюмдар, журналисттер бүктөлмө Galaxy Fold 4 жана Flip 4 телефондору менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми иш-чаранын катышуучулары сунуштама роликти көрүп, компаниянын жетекчилерине суроолорду берип, заманбап телефондордун кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине күбө боло алышты.

Бүктөлмө телефондор Samsung компаниясында мындан ондогон жылдар мурда эле пайда болгон. Ал эми былтыр дээрлик 10 миллион адам бүктөлмө телефон алышкан. Мындан улам бул телефондорго болгон суроо-талап 3 эсеге өстү.

Эсиңиздерде болсо, мындан 3 жыл мурда мындай категориядагы телефондор болгон эмес. Ал эми бүгүн бул мейнстрим.

Samsung Galaxy Z Fold 4 жана Flip 4 бекем жана ишеничтүү корпустуу телефон. Телефондун рамасы брондолгон алюминийден жасалган, ал эми ийилчээк экраны унааларга жана учактарга колдонуучу эң бышык жана эң сапаттуу пластиктен жасалган.

Бул смартфондордун камерасы 10 мегапиксел, 3х оптикалык масштабдуу, 50 мегапикселдүү санариптик линза менен жабдылган. Түнкү сүрөткө тартуу дагы жаңы деңгээлге чыкты.

Стилдүү Samsung Galaxy Z Fold 4 жана Flip 4 телефондору төрт түстө: графит, лаванда, алтын түстүү күлгүн кызыл жана көк.

Мындан тышкары телефондор суу өткүс. Аларды 1 жарым метр тереңдиктеги сууда 30 мүнөт колдонууга мүмкүн.

Смартфондун жаңы шарнири 200 миң ачуу жана жабууга ылайыкталган, бул 5-10 жылдык активдүү колдонууга жетиштүү.

Samsung Galaxy Z Fold 4 жана Flip 4 бул бир эле учурда телефон жана штатив: сүрөттү ар кандай ракурста тартууга мүмкүн. Ал эми flex режими контентти оңой тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Экранда дароо эле 3 тиркемени ачып алса болот: чат аркылуу баарлашып, ойноп жана иштей берсе болот.

Samsung ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого жана көмүртек изибизди кыскартууга өзгөчө көңүл бурат. Ошондуктан аппараттардын жок дегенде бир компоненти океанда ташталган кайра иштетилген балык уулоочу торлордон жасалган, ал эми таңгакта кайра иштетилген кагаз колдонулат.

Блогер Байгазы Samsung Galaxy Z Fold 4 жана Flip 4 смартфондорун дүйнөлүк презентацияга чейин колдоно баштаган жана телефондор менен толук кандуу болгон.

"Бул сонун смартфондор. Азыр технологиялык процесс токтобой, жыл сайын смартфондор камера менен дисплейди гана жакшыртып жаткан тенденция бар. Бул жагынан алганда, Samsung дагы алдыга жылды жана төрт жылдан бери ийкемдүү смартфондордун тенденциясын массага түртүп келет, ийкемдүү смартфондорду адаттан тыш нерсе эмес, белгилүү бир негизги агымга айланта алды. Бул идеяны башка компаниялар да колго алып жатышат", - деди Байгазы.

Айтымында, бул смартфонду кыздар да баалашат. Себеби ал сумкага да, чөнтөккө да чакан.

Сиз жаңы, сонун Samsung Galaxy Z Fold 4 жана Flip 4 жөнүндө көп жазып, сүйлөшө аласыз, бирок аларды колдонуп көрүп, бардык ырахаттарды өзүңүз сезгениңиз жакшы.

Смартфондорду шилтеме арылуу алдын ала буюртма кыла аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан