Геманиянын Берлин ботаникалык багына келгендер сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушуна күбө боло алышат. Ал жерде бир нече жылда бир гана ачылуучу аморфофаллус гүлү гүлдөп жатат.
Аморфофаллус дүйнөдөгү эң чоң гүл болгону жана сасык жыты менен да белгилүү. Ал 30-июнда гүл ачкан.
Бул өсүмдүк өтө сейрек гүлдөйт. Адатта, гүлдөө үч күнгө созулат. Андан кийин гүлдөр куурап калат.