Рэпер Канье Уэстке "Хайл Гитлер" ыры үчүн Австралияга кирүүгө тыюу салынды

Америкалык рэпер Канье Уэсттин Австралияга визасы антисемиттик ырдан улам жокко чыгарылган. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Тони Берк билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Буга рэпердин май айында чыгарган "Хайл Гитлер" ыры себеп болгон.

"Антисемитизм акылга сыярлык деп айткандардын бул жерге келишине жол бербейм", - деген Берк.

Бирок министр анын Австралияга кирүүсүнө биротоло тыюу салганын тактаган эмес. Ал белгилегендей, визалык арыздар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык каралат.

Айта кетсек, Канье австралиялык модел Бьянка Цензори менен үйлөнгөн. Бирок экөө ажырашып жатканы тууралуу да маалымат айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан