"Кыргызстанда тосуп жатканым өзгөчөлөндү". Ырларынын дээрлик баары хит болгон Эрлан Андашев 35 жашка толду

Хит ырларды жараткан ырчы Эрлан Андашев бүгүн, 29-августта 35 жашка чыкты. Ырчы быйылкы туулган күнү өз мекенинде өтүп жатканы менен өзгөчөлөнгөнүн белгиледи.
"35 жаш менен жаштык бүттү го деп ойлойм. Бирок муну менен эле чектелип калбай, дагы жакшы нерселерди жасаш керек. Спорт адамды жашартат дегендей, эми спорт менен машыкканга көп убактымды бөлөм.
Туулган күндөрүм он жыл бою Америкада белгиленди. Бул жылкы өздүк майрамым Кыргызстанда өтүп жатканы менен өзгөчөлөндү. Алгач туугандарым түндө сюрприз жасап куттукташты. Бул күндү жакын адамдарым менен белгилейм", - дейт ырчы.
Эрлан Андашев 1987-жылы 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.
Ырчынын балалык кези
"Урал моңо-2008", "Чыгыш базары-2008" эл аралык сынактарынын лауреаты Эрлан Андашев алгач “Сүйүп калдым кантейин?” деген ырды аткарып, эл оозуна алынган.
Мындан тышкары "Сүйбөс болдум", "Таарынба", "Айперим", "Кечир мени", "Ооба, билем", "Уяласың го", "Ашыгым", "Ойлон" жана башка бир катар ырларды ырдаган. Жакында эле "Ашыгым" атуу ырын түрк тилинде да аткарып чыкты.
Эрлан Андашев 2020-2021-жылдары "Жылдын мыкты аткаруучу мырзасы", 2021-жылы "Жылдын мыкты композитору" номинациясына татып, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" аталган.

Белгилей кетсек, он жылдай АКШда жашаган ырчы 18-августта өлкөгө келген. Ал 23-24-сентябрда Бишкектеги спорт ордосунда алгачкы чыгармачылык концертин коёт.
Ал чет жерден келери менен 3 жыл мурун жаралган "Айылым" аттуу ырына клип тарттырууга да жетишти.

Ырчы Эрлан Андашев 35 жашка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан