5G технологиялары Кыргызстандын энергетикасын кантип өзгөртө алат?

Дрондор, коттедждик энерготүйүндѳр, «акылдуу» эсептегичтер. Байланыштын бешинчи муундагы 5G түйүнүнүн жардамы менен глобалдык энергетика кандайча ѳзгѳрүүдѳ жана бул жаӊылыктар Кыргызстанга качан келет?

Электриктердин ордуна дрондор

Азыр эле электр ѳткѳрүү линиялары менен башка тутумдардын айрым элементтеринин абалын текшерүү роботтордун жардамы менен ишке ашырылууда. Пилоттордун башкаруусунда же автономдук түрдѳ алар тутумдарды изилдеп, жасалма интеллекттин жардамы менен линиялардын бардык элементтери менен түйүндѳрүнүн абалын анализдешет жана автоматтык түрдѳ отчёт жиберип турушат. Дрон кѳйгѳйдү аныктап берет жана ал жерге дароо адистердин бригадасы барат. Адистердин ишин кеӊседе отуруп эле камералар жана VR-кѳз айнектин жардамы менен эксперт кѳзѳмѳлдѳйт.

Роботтор кишилердин ордуна иштей алабы?

Энергетика системасынын компоненттерин иштеп чыгуу жана тейлѳѳ барган сайын татаалдашууда. Анализ менен тез оӊдоонун автоматташтырылган тутумдарынын саны ѳсүп жатат. Роботтор менен автоматика алардын ишин жүргүзүү боюнча милдеттерди чечүүдѳ, себеби бул чѳйрѳ кѳп жылдык техникалык экспертизага ээ квалификациялуу жумушчулардын иштѳѳсүн талап кылат.

Ар бир аймактын ѳз тармагы болот

Ар бир айыл, жадакалса шаардын ар бир аймагы жалпы электр тармагынан кѳз каранды болбостон, жеке кубаттуулугуна ээ болгонун элестетип кѳрүӊүзчү.

Жыл ѳткѳн сайын электр энергиясын керектѳѳ ашыкча жүктѳмдѳр менен ѳсүп келе жатат. Электротранспорттордун санынын кѳбѳйүүсү, түрдүү девайстарды колдонуунун кеӊири жайылуусу энергокомпаниялардын ишин татаалдаштырууда. Натыйжада түйүндѳ туруксуздук жана жаӊы кубаттуулуктарды тартуу менен электр энергиясын диспетчерлѳѳ боюнча олуттуу чыгымдар келип чыгууда.

5G жаӊы ылдамдыктарды камсыз кылат

5G технологиясын колдонууга киргизүү керектѳѳчүнүн тутумга маалымат ѳткѳрүүсүндѳ жаӊы: окуяга тезирээк реакция кылуу, электр энергиясын ѳндүрүү жана керектѳѳ кѳлѳмдѳрүн божомолдоо үчүн кѳп маалыматты, уурдоолор менен жоготууларга ыкчам из чалуу мүмкүндүктѳрүн берет.

Барган сайын фантастикалык кыялдар идеялардын стадиясынан жаӊы горизонтторду ачууга жардам берген чыныгы долбоорлорго айланууда. Жакынкы мезгилдерден тарта энергетика тармагындагы бардык маселелерди роботтор чече баштайт, 5G ылдамдык менен сапаттын жаӊы деӊгээлине чыгарып, ар бир шаардын ѳзүнѳ таандык генерациясы болот. Келечек - алыс эмес.

Кыргызстандагы алгачкы 5G сыноолору 2022-жылдын 3-августунда О! Мобилдик операторунун түйүнүндѳ ѳттү. Жаӊылыктар менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан