Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркия, Германия жана Грециядан келген студенттер, Түркиянын министрлик жана ведомство өкүлдөрү, илимий коомчулук жана коомдук ишмерлер катышты. Анын алкагында улуу жазуучунун чыгармаларында камтылган үй-бүлө, аялдар, согуш жана балдар темалары талкууга алынды.
Анын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгы бир гана түрк дүйнөсү үчүн эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн руханий баалуулук экени баса белгиленди.