Ырчы Чолпон Талипбек Түркиянын Измир шаарынан үйлүү болду. Мындай жагымдуу жаңылыгы менен ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Мен сиздерге көптөн күткөн жаңылыгым менен бөлүшкүм келип турат. Эми менин деңиз жээгинде үйүм бар. Тагыраак айтканда Түркиянын Измир шаарынан ак өргөөлүү болдум. Кыялдар сөзсүз орундалат. Сиздерге да жугуштуу болсун", - деп жазды ырчы.