Мындан 25 жыл мурда Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон.
Ханбийке Диана 1961-жылы 1-июлда Англияда граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү Диана Френсис Спенсер. Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен 1981-жылы 29-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильем, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашкан.